"Муфтият менен Аалымдар кеңешинен сунуш күтөбүз". Жапаров дин тууралуу мыйзам боюнча түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-январда кол койгон “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Мамлекет башчысы бул мыйзамды каршы пикир менен артка кайтаруусун суранган динди катуу карманган жарандар болгонун, ошол эле мезгилде кол коюп күчүнө киргизүүсүн суранган светтик көз караштагы жарандар да бар экенин белгиледи.

"Светтик көз караштагы жарандарыбыз дагы Кыргызстанда динди катуу кармангандар менен бирдей эле санда экенин унутпайлы. Алар бейтааныш адамдар квартира-квартира, үймө-үй кыдырып, эшик каккылагандарга каршы экендерин билдирип жатышат. Кыдырып келгендер кимдер экенин, колдорунда Муфтият, казыят, хатибият тарабынан берилген күбөлүктөрү барбы, кайсы агымга же уюмга үгүттөп жүргөндөрүн, ал агымдар биздин динибизге каршы келбейби деген суроолорго жооп алгылары келишет.

Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Бизде ушул кыдыруу маселеси толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даават айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот, аларды ким текшерүүдөн өткөрүп берет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек. Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин кыдырууга чыгып кеткен жарандарыбыз болуп жатат. Ушул кантип болсун? Үй-бүлөсүн эң жок дегенде тамак-аш менен толук камсыз кылып коюп анан кыдырууга чыкса болбойбу?

Дааватка эч ким каршы эмес. Дааваттан биз эч качан зыян көрбөйбүз. Азырынча мечиттерде айта бергиле, той-томолоктордо айткыла, жарандарды акыркы сапарга узатууга чогулган жерде айткыла, эл чогулган базарларда айткыла, кийин кыдыруу аркылуу да айткыла. Бирок ушул кыдыруу эрежесинин баарын Муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып, анан бизге сунуштасаңыздар кайрадан карап берели. Маселе жок.

Мен мисалы, эч качан динге каршы чыкпайм. Себеби өмүр бою динди катуу карманган молдонун, ажынын баласымын. Дин эмне экенин жакшы түшүнөм. Эгер мен азыр “Динди катуу кармангандардын назарынан калбайын, келечек эмне болсо ошол болсун” десем, каршы пикир менен бул мыйзамды кайтарып коёт элем. Бирок мен бул маселеге жөнөкөй жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары карап жатам. Бир күн менен же жеке кызыкчылык үчүн жашабайлы.

Радикалдар тараптан туура эмес агымга үндөй турган баракчаларды, китептерди тараткан учурлар акыркы убакта көп катталып жатат. Муфтият менен Аалымдар кеңеши тарабынан талаптарды коюп, эрежелерди так жазып, баарын ирээтке келтирип алып, анан үймө-үй кыдырууну улантсак мамлекетибиздин келечеги үчүн жакшы болот", - деп жазды Жапаров.

Ошондой эле ал чын ниети менен кыдырууга чыккан жарандарда кеп жок экенин белгилеп, кеп кыдырууну жамынып алып, элди тымызын туура эмес агымга ээрчитип кетип жаткан ниети бузук уюмдарда болуп жатканын кошумчалады.

"Мунун түбү жакшы эмес. Келечегибизге коркунуч жаратып бара жатат. Мусулман өлкөлөрдө (Мисалы Сирия жана башка мусулман өлкөлөрдө) мусулмандар эле бири-бири менен “менин уюмум туура, сенин агымың туура эмес” дешип таасир талашып кырылышып, миллиондогон мусулмандардын каны төгүлүп жатканын көрүп жатабыз го.

Ошол өлкөлөрдө илгертен бери мына бүгүнкү бизге окшоп ар кайсы чачыранды, радикал агымдарга бөлүнгөндөрүнүн кесепетинен келип чыгып жатат. Тарапташтарынын саны өскөндөн кийин топ-топ болуп таасир талашмай. Албетте аларды кызыкдар болгон сырткы күчтөр да бирине-экинчисин тукуруп, козутууда. Канчалаган адамдардын каны төгүлүп кетти. Ошондуктан алакандай кыргызстандыктар бир эле салттуу динибиз менен жашайлычы. Ушуну жолго койгонго Муфтият менен дин аалымдары жардам бергиле да.

Буга чейин бул маселеге эч ким көңүл бурган эмес экен. Кеч боло электе биз көңүл буралы. Дин тармагыбызды ирээтке келтирип, Кыргызстаныбыздын түбөлүгүн түздөп, туура жолго багыт берип кетели. Мейли ким болбойлу, кайсы агымдын мүчөсү болбойлу баарыбыздын эле келечекте ушул мамлекетибизде тынч жашагылары келген бала-чака, небере-чөбөрөлөрүбүз бар го, акыры. Ошолордун келечегин ойлонолу.

Жакшы ниет менен жасап жаткан иштерди саясатка айландырбайлычы. Муфтият менен Аалымдар кеңешинен сунуш күтөбүз. Кыдыруу боюнча эрежелерди ийне-жибине чейин жазып, сунуш киргизгиле. Алардын так аткарылышына жана бир жолго салынышына мамлекет жардам берели. Сунушуңарды канчалык эрте берсеңер, ошончолук жакшы болот", - деди мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан