Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) ишмердиги менен таанышып, МИКтин Бишкектеги жаңы кеңсесинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Эл өкүлү Гуля Кожокулова Бишкекке көп басым жасабастан, аймактарга ипотекалык үйлөрдү курууга көңүл бурууга чакырды. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев быйыл суроо-талап жогору болгон Баткен, Кадамжай, Ноокат, Айдаркен шаарларында, Талас облусунда ипотекалык үйлөрдүн курулушу пландалып жатканын билдирди. Депутаттар МИКте кезектин жылышынан күмөн саноо, батирге ээ болуп, бирок форс-мажордук кырдаалда төлөй албай калса кандай болору тууралуу маселени козгошту. МИКтен билдиргендей санариптик кезек ачык-айкындуулуктук камсыздап, кезек алмашпайт.
Көчмө жыйындын алкагында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары МИКтин Байтик баатыр көчөсүндөгү жаңы кеңсесинин ачылыш аземине да катышты. Жаңы филиалда кызматкерлер кайрылган жарандарга консультация берип, системага каттоо кызматын көрсөтөт. Андан соң фракция мүчөлөрү МИКке караштуу “Ынтымак” турак жайынын курулуш иши менен таанышты. Мында 7 блоктон турган миңдей батир курулмакчы.