Бишкекте жана Чүйдө жакынкы үч саат аралыгында катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз кабарлаңыз", - деп айтылат билдирүүдө.