Коргоо министрлигинин кампасында турган 4 миллион сомдук материалдык баалуулуктар уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдагандай, мыйзам бузуу министрликтин Бишкек турак жай пайдаланууну камсыздоо базасынын борбордук кампасында болгон. Факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери менен бирге кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.