Компаниянын экс-директору атайын компаниясын банкротко учуратууну уюштурган. Себеби

Компанияны банкрот кылуу жол-жоболорун мыйзамсыз жүргүзүүнү уюштурууга байланышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, "Г.К.М." жана "Е.Н.Н." ЖЧКлары Талас облусундагы кенге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензияны кармап туруу үчүн 144 миллион 461 миң 322 сом өлчөмүндөгү акча каражатын мамлекетке төлөөдөн качкан. Муну компаниялардын мурдагы башкы директору мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен ишке ашырган.

Атайын кызмат шектүү катары мурдагы директор кармалганын, учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан