Бишкекте таштанды полигонундагы өрттүн өчүрүлүшү ышты 15 пайызга чейин азайтты

Бишкектин четиндеги санитардык полигондогу өрттүн өчүрүлүшү ыш көйгөйүн 10-15 пайызга азайтты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

"Учурда полигон аймагына 3000 көчөт отургузулуп, 5 гектар болгон токой аянты түзүлдү. Полигондогу булганыч заттардын абага бөлүнүп чыгышы толугу менен чектелди. Санитардык полигондо өрт өчүрүлгөндөн кийин айланасындагы жаңы конуштардын абасы текшерилип, абанын сапаты жакшырганы байкалган. Полигондо тигүү калдыктарын зыянсыз жок кылган утилизатор орнотулган. Ал күнүнө 8 тоннага чейин калдыктарды жок кылууда. Бишкекте 1160 тигүү цехи аныкталып, алар менен утилдештирүү боюнча келишим түзүлгөн", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан