Түркияда лыжа базадагы өрт: Өлкөдө аза күтүү жарыяланды 

21-январга караган түнү Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасында чыккан өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 76 адамга жетти. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экендиги айтылды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган лыжа базадагы өрткө байланыштуу бир күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Каргашадан улам 22-январда өлкөдөгү жана чет элдик өкүлчүлүктөрдөгү желектер түшүрүлөт.

Ошону менен катар Эрдоган лыжа базасындагы трагедияга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан