"Илон Маск, Жефф Безос, Обама". Дональд Трамптын инаугурациясындагы жүздөр жана эмоциялар (фото)

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясына АКШнын эки президентинин үй-бүлөлөрү – Барак Обама жана Жо Байден жубайы менен келишти. Инаугурацияга келген дүйнөнүн эң бай адамдары болгон америкалык ишкерлер Жефф Безос менен Илон Маск мыкты маанайда жүрүштү. Мындан улам АКШнын жаңы шайланган президентинин инаугурациясындагы сүрөттөрдү карап көрдүк.

Дональд Трамп өзүнүн инаугурациясына Капитолийге келген учур. 20-январь, 2025-жыл.

Оңдон солго: SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск, Google компаниясынын жетекчиси Сундар Пичай, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос менен жубайы, актриса Лорен Санчес жана Meta компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг жубайы Присцилла Чан менен Трамптын инаугурациясында.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Трамптын инаугурациясында. Обама 2009-жылдан 2017-жылга чейин эки мөөнөт президент болгон.

Эки экс-президент – Билл Клинтон (солдо) жубайы менен, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Жорж Буш (оңдо) Трамптын инаугурациясында.

Трамп инаугурацияга катышкан АКШнын кызматтан кетип жаткан президенти Жо Байден менен.

Трамп жубайы Мелания жана балдары менен: уулдары Бэррон (солдо) жана кенже Дональд (солдон экинчи) жана кызы Тиффани (оңдо).

Трамптын инаугурациясына келген коноктор Капитолийде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан