Дастан Бекешев жол эрежесин бузгандар тууралуу маалымат бергендерге бонус берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүн, 22-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев жол эрежелерин бузган жарандар тууралуу маалымат бергендерге бонус берүүнү сунуштады.

Айтымында, ал үчүн атайын тиркеме иштеп чыгуу зарыл. Ага жарандар жол эрежесин бузуу тууралуу маалыматтарды сүрөт, видео форматында жөнөтө алат.

"Эгер жаран берген маалымат тастыкталып, мыйзам бузган айдоочу жоопко тартылса, ага бонус ыйгарылат. Аны жаран коммуналдык кызматтарга, же салыктарга колдоно алат. Эгер Министрлер кабинети макул болсо, биргеликте мыйзам долбоорун жазалы", - деди депутат.

Ошондой эле Бекешев өлкөдө бир аптада 18 миңдей жол эрежесин бузуу фактысы катталарын, бул жол инспекциясы каттаган гана цифра экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан