"Монорельс бүттү..." Депутат Түлөбаев Бишкекке метробус жүргүзүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Бишкек шаарын кесип өткөн суу, каналдын үстүнө жол салып, метробустарды жүргүзүүнү сунуштады.

"Монорельс, метро салбайбыз, кымбат" деп жатасыңар. Бишкекте 700 миң унаа бар, азыр дагы автобус алып келебиз деп жатасыңар. Бир автобус 10 метр, анан аялдамага 5,6 автобус токтогондо 60 метр болот. Мына Бишкекти Ала-Арча, Аламүдүн суулары менен Чоң Чүй каналы кесип өтөт. Ала-Арча 19 чакырым, Аламүдүн 17 чакырым. Ушулардын үстүнө метробустарды коё бербейлиби? Жолго кредит алып жатабыз. Ал эл аралык стандарт менен 1 чакырымы 1,5 миллион доллар болот. Андан көрө метробуска жумшайлы. Өкмөт 50 миллион доллар кредит алып жатат, ошону берели. Ошол эки суунун үстү менен алып барып туруп, БЧКга кошуш керек дагы, жолду салыш керек. 4,5 метр жогору көтөрүп салсак, астынан суу өтө берет", - деди Түлөбаев.

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев аталган суу нуктары тазаланып жатканын, инвестор чыгып калса мындай сунуштарды ишке ашырууга боло турганын айтты. Ошондой эле Жунушалиев метробусту биринчи Киев көчөсү менен жүргүзүү пландалып жатканын, долбоорго быйыл гранттык каражаттан алынган 5 миллион доллар каралганын билдирди.

Эске салсак, Түлөбаев буга чейин 6-июндагы парламент жыйынында монорельс курууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан