Түркияда дагы бир жолу катуу жер титирөө болду

Бүгүн, 22-январга караган түнү Түркиянын жээгинде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун сайтында маалымдалды.

Андагы маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 243 миңдей адам жашаган Маниса шаарынан 135 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган эмес. Ошондой эле инфраструктуранын бузулушу тууралуу маалымат түшкөн жок.

Буга чейин Тайванда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө Тайнань шаарынан 50 чакырым түндүк-чыгышта катталган. Бул катуу жер титирөө башка аралдарда дагы сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан