Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев Бишкектин Курманжан датка көчөсүнө эксперимент катары эки кабат жол салууну сунуштады.
"Эки кабат жол салып, чараларды көрмөйүнчө тыгынды азайта албайбыз го деген ой. Айбек Жанышбекович, буга көңүл буруп, шаардык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп көрсөңүз", - деди эл өкүлү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эки кабат жол салуу кымбатка турарын, инвестор чыкса гана салууга боло турганын айтты. Калаа башчысы кымбат долбоор башка иштерди токтотуп коёт дейт.