Сокулук районунун Асылбаш айылында 14 жаштагы өспүрүм сарайда асынган абалда табылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 21-январда милицияга М.А. аттуу 14 жаштагы окуучу каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, 21-январь күнү саат 08:00 чамасында өспүрүм мектепке баруу үчүн үйүнөн чыгып кеткен. Бирок 40 мүнөттөн кийин ал сарайда асынган абалда туугандары тарабынан табылып, андан кийин аймактык ооруканага жеткирилген. Ооруканада дарыгерлер бала каза болгонун аныкташкан.
"Бул факты боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык процессуалдык чечим чыгарылат", - деп билдиришти облустук милициядан.