Бишкектин четиндеги талаада сабалган жигит: Милиция кошумча маалымат таратты

Тунгуч кичи районундагы ээн талаада эркек кишини сабады деген шек менен кармалган үч жигит анын iPhone 14 үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалымдалгандай, кармалган шектүүлөрдүн бул фактыга тийиштиги бар экендиги толугу менен тастыкталган.

Эске салсак, 20-январда шаардык милиция бир жигитти сабап, ал учурду видеого түшүрүп алган деген шек менен 3 жаран кармалганын билдирген. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү жана ага катышуу), 207-беренеси (Каракчылык) жана 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Андан мурун социалдык тармактарда бир жигит белгисиз балдар тарабынан сабалганы тартылган видео тараган болчу. Анда ур-токмокко алынган бала сатууга тийиш болгон баңгизатты колдонуп салганы үчүн кечирим сураганын көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан