Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов "Кыргызгаздын" ишмердүүлүгүн сынга алды.
Ал өлкөдө көгүлтүр оттун баасы кымбат болгондуктан карапайым эл жага албай жатканын айтты.
"Бишкектеги ыш трагедия болууда. Бишкетин айланасындагы конуштардын 90 пайызы Кара-Кеченин көмүрүн жагышат. Элдин каалоосу жок. Газдын баасы кымбат болуп жатат. Айына 15-20 миң сомго чейин чыгат. Эртең шаарды 100 пайыз газга өткөрсөңөр дагы эл жакпайт. "Кыргызгаздын" өкүлдөрү, силер кыргыздын душманысыңарбы?
Жылда смог болот, көйгөйлөр айтылат дагы, жыйынтыгы жок. Буга силер күнөөлүүсүңөр. Сүйлөшүп баасын арзандатпайсыңарбы. Отурасыңар өкмөттү, мэрияны түртүп коюп. Газды эч ким жага албай жатат. Баягы эле байлар, уурулар жагып жатат", - деди Жакышов.
Ал эми "Газпром Кыргызстан" компаниясынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров ЕАЭБдеги көгүлтүр отту импорттогон өлкөлөрдүн ичинде газдын эң арзан баасы Кыргызстанда экенин айтты.