Суусамыр–Тараз–Талас жолуна да оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Бүгүн, 22-январь саат 11:00дөн тартып Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, сунушту №36 жол тейлөө ишканасы берген. Мындай чечим “Өтмөк” ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
"Аталган унаа жолдо тыгындарды болтурбоо жана абалды байкоо максатында ӨКМдин Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ Өтмөк ашуусуна чыгып кетти", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан