Баткенде Кыргызстан менен Тажикстан жарандары чогуу айлана-чөйрөнү тазалашты (фото)

Баткен облусунда эки элдин ортосунда тазалоо иштери жүрүп, милиция коопсуздукту көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Гулистан айылынын ортосунда чектешкен аймакка эки элдин жашоочулары чыгып, айлана-чөйрөнү тазалоо иштерин жүргүзгөн.

Бул тазалоо иштеринде эки элдин милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коомдун коопсуздугун толугу менен көзөмөлдөп, укук бузуу фактылары катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан