Башкирияда мобилизацияланып, Украинадагы согушка жөнөтүлгөн Виталий аттуу аскер дайынсыз жоголгондон эки ай өткөндөн кийин аман-эсен кайтып келди. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, ал 2022-жылы Украинадагы согушка жөнөтүлгөн. Эки жыл бою 5-өзүнчө гвардиялык мотоаткычтар бригадасынын курамында Красногоровканы көзөмөлгө алып, фронттон сөөктөрдү жана жарадарларды ташып келген.
2024-жылдын ноябрь айынын башында ал кезектеги миссиясына кетип, андан кийин дайынсыз жоголгон. Аны издөөдөн майнап чыкпай, туугандары каза болду деп ойлошкон. Бирок анын мандарин кучактап жаткан сүрөтү интернетке тарагандан кийин аны туугандары тааныган.
Ал Украина аскерлери жайгашкан аймакка кирип кетип, чыга албай калган. Ал дээрлик эки айдан бери кар жеп гана жашап, өзүнүн позициясына кайтып келген. Украинанын дрондору учкан маалда ал жансыз денелерге жашынып, же болбосо каза болгон адам болуп украиналыктардан жашынып келген.
Эми анын туугандары менен жолугушуусу күтүлүүдө.