Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин кызматын жана креслосун канчалык сыйлаарына кызыкты. Эл өкүлү калаа башчысынын кызыл галстугун сындап, шаардагы аткарылбай калган жумуштар көп экенине токтолду.
"Американын башчысы жакшы көргөн өңдөгү галстук менен бүгүн, майрамга келгендей келиптирсиз. Маселе көп. Курулуш тармагы, тыгын маселеси, экология. Эч биринде жылыш жок", - деп белгиледи депутат.
Мэр галстук боюнча сөздү жоопсуз калтырбады. Ал эгер галстуктун өңү анын иштөө жөндөмдүүлүгүн аныктаса, муну башка жерде талкуулоого сунуш берди.