Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге депутаттардан "кар күрөсүн" деп уруксат алып берди.
Жыйында борбор калаадагы ыш, тыгын көйгөйлөрү талкууланып жаткан.
"Урматтуу төрага, депутаттар, ушул маселе боюнча саат 12.50дө чечимге өтсөк. Кар да жаап жатат, мэрди жибербейлиби, барып карды күрөсүн", - деди Түлөбаев.
Жыйынтыгында эл өкүлүнүн сунушу добушка коюлуп, каттоодон 89 депутаттын 67си макул болушту.