Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Бүгүн, 22-январда Таласта катуу шамал болуп, мектептердин биринин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Таластын Айтматов районуна караштуу Жоон-Дөбө айылында ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталып, Осмонов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен.
"Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде болуп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө жана кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдар такталууда", - деп билдирди ӨКМ.
Кырсыктан жабыр тарткандар катталган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан