Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун токой чарба министри Александр Кулик менен жолугушту.
ТИМ тараткан маалыматка таянсак, жолугушуу Минск шаарында орун алган.
Анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү, аны калыбына келтирүү, токой тармагын өнүктүрүүнү экономикалык пландаштыруу жана болжолдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өнөр жайлык кооперация жана Кыргызстанга токой продуктуларын, анын ичинде жыгач материалдарын, жыгач отундарды жеткирүү маселелери козголду.