Бакытбек Марипов аны "Манас" аэропортунан өзүнчө автобус тосуп албаганына нааразы болду 

Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов аны "Манас" эл аралык аэропортунан атайын автобус тосуп албаганына нааразы болду.

Ал мунун айынан парламенттин жыйынына кечигип калганын айтты.

"Аэропортко келсек бизди ошол жерде "Манас-2" терминалына алып кете турган автобустар жок. Жыйынга аэропорт боюнча дагы маселе коюп угушубуз керек болуп жатат. Жетекчилиги менен байланышсак "сиздин жардамчыңыз чалып байланышыш керек эле, Оштон учсаңыз Бишкекке кабарлашып дайындаш керек болчу" деп айтып жатат", - деди Марипов.

Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу андан жеке маселелерди талкууга чыгарбоону суранып, бир депутатты тосуп албагандыктан аэропорттун жетекчисин жыйынга чакыруу туура эместигине токтолду. Ошондой эле мындай маселеде этият болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан