Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган кыргызстандык Испаниядан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, прокуратура менен ИИМдин ишинин натыйжасында жабырлануучуга 60 миллион сом зыян келтирген деп айыпталып жаткан жаран Испаниядан кармалып, өлкөгө алып келинди. Маалыматта экстрадиция иши Испаниянын укук коргоо органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүдөн улам ишке ашырылганы белгиленет.
Ошондой эле Башкы прокуратура мындан башка экстрадициялоо боюнча активдүү иштер улантылып жатканын кошумчалады.