Улуу Британиянын элчиси менен “CONCRETE CANVAS” заводун куруу боюнча пландар талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, банк, инвестиция, өнөр жай жана тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы өнөктөштүк жигердүү өнүгүп жаткандыгына канааттангандыгын билдирип, өлкөдө бетон плитасын чыгаруучу “CONCRETE CANVAS” заводун куруу боюнча биргелешкен пландарды белгиледи. Ошондой эле 2030-жылга чейин улуттук өнүктүрүү программасын жана маанилүү кен байлыктарды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуунун алкагында “Boston Consulting Group” компаниясы менен үзүрлүү өз ара аракеттенүү талкууланды.

Өз кезегинде Николас Боулер Улуу Британиянын Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин, элчилик пландалган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастап, Улуу Британиянын Кыргызстан менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуусун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан