Ушул жылдын 23-24-январында Кыргызстан мүчөлүк кылган Түрк маданияты жана мурасы фондунун Баку шаарындагы башкы кеңсесинде 2-эксперттик деңгээлдеги жолугушуу өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган эл аралык уюмдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл иш-чарага фондго мүчө болгон Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын Тышкы иштер жана Маданият министрликтеринин өкүлдөрү катышат.
Жыйындын максаты – фонддун кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибин түзүү, фонддун 2025-2026-жылдарга карата иш пландарын талкуулоо жана уюмдун уставынын документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча пикир алмашуу. Жыйында тиешелүү адистердин арыздары, ой-пикирлери жана сунуштары каралат.
Буга чейин аталган иш-чарага 2024-жылдын 30-апрелинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышкан.
Белгилей кетсек, Түрк маданияты жана мурасы фонду ишмердүүлүгүн мындан ары да байытуу максатында мындай координациялык жолугушууларды жыл сайын уюштуруп турмакчы.