Төө-Ашууда учурда абал кандай? ӨКМ маалымат берди

22-январь саат 22:20да Бишкек - Ош унаа жолунун "Сосновка" жана "Арал" постторунда жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, ал эми оор жүк ташуучу унааларга чектөө алына элек. Саат 21:35ке карата "Сосновка" постунда 80 жеңил, 20 оор жүк ташуучу унаалар кезек күтүп турганы маалымдалган. Учурда тыгындардын жаралуусуна жол бербөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечки саат 18:04 чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 132-чакырымында 2 жерге кар көчкү түшүп, 7 унааны басып калган. ӨКМ куткаруучулар кар көчкүнүн астында калган унаадан 4 адамды чыгарышып, эс учун жоготкон 1 аялды "Тез жардам" кызматы алып кеткенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан