ӨКМ кызматкерлери автобекеттерди кыдырып, айдоочуларга жолугууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек–Ош жолундагы кар көчкү кооптуулугу жоюлгуча, тоолуу райондордо аба ырайы турукташкыча алыскы сапарга чыкпоону эскертет.

Маалымдалгандай, учурда Бишкек, Ош шаарларынын, Талас жана башка облустардын автобекеттеринде айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Жолдогу табигый кырдаалдарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен өзүңүздүн жана жакындарыңыздын, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, адам өмүрүн сактоону камсыздаңыздар. Баарынан адам өмүрү кымбат экендигин эстен чыгарбаңыз!" - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан