Владимир Зеленский Орусиянын куралдуу күчтөрдүн санын беш эсе кыскартуу талабына макул болбой турганын айтты. Бул тууралуу украин президенти Давосто өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди.
Зеленский белгилегендей, армиянын санын кыскартуу шарты Москва менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдө негизги маселелердин бири болот.
Ошондой эле ал Украина юридикалык жактан азыр Орусия убактылуу көзөмөлдөп жаткан өз аймактарынан баш тартпай турганын билдирди. Ал Киев мындай кадамга "дүйнөдөгү бардык союздаштар суранса дагы барбастыгын" ишарат кылды.
Кеп Орусия 2014-жылы аннексиялаган Крым жана 2022-жылы көзөмөлгө алган Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынын айрым бөлүктөрү тууралуу болуп жатат. Жалпысынан орус армиясы учурда Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынын 20 пайызын көзөмөлдөйт.
Украина армиясынын санын 50 миң кишиге чейин кыскартуу эң алгач 2022-жылдын мартында тынчтык келишимин түзүү боюнча Орусиянын биринчи сунуштарына киргизилген. Москва ошондой эле Украинанын аскердик потенциалын төрт гана согуштук кеме, 55 тик учак жана 300 танк менен чектелүүсүн талап кылган.
Орус президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөрдүн шарттарынын арасында Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таанууну атаган.
Зеленский бул талаптарды буга чейин да четке каккан.