Ооганстан менен АКШ абактагы жарандарын алмашты

Сүрөт: Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги

Ооган бийлиги 20 жылдай мурун Ооганстандын Нангархар провинциясында камакка алынып, АКШнын Калифорния штатындагы түрмөсүндө өмүр бою эркинен ажыратылган Хан Мухаммаддын ордуна эки америкалык жаранды АКШга өткөрүп берди.

Талибан өкмөтүнүн Кабулдагы Тышкы иштер министрлиги бошотулган америкалыктардын атын атаган жок, бирок алмашуу АКШ менен болгон “узак жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн” натыйжасы болгонун билдирди. Билдирүүдө Катарга ортомчулук ролу үчүн өзгөчө ыраазычылык айтылган.

Бул алмашуу президент Дональд Трамптын инаугурациясынан бир күн өткөндөн кийин болду, ал өзүнүн биринчи мөөнөтүндө талиптер менен 2021-жылы америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышына жол ачкан келишимге кол койгон.

Ноябрдагы шайлоодо Трамп жеңишке жеткенден кийин талиптердин лидери Вашингтон менен мамиледе “жаңы барак” ачылат деген үмүтүн билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан