Ысык-Көл облусун жетектеп жаткан Уланбек Далиев кызматынан кетти

Бүгүн, 23-январда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттик админстрациянын маалымат кызматы билдирди.

Тескемеге ылайык, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү документке өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Уланбек Далиев облустун башчысынын биринчи орун басарлыгынан жетекчиликке 2024-жылдын 16-февралында дайындалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан