Трамп мигранттардын АКШнын түштүк чек арасына киришине тыюу салган буйрукка кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп мигранттардын түштүк чек арасы аркылуу мыйзамсыз өтүшүн токтотуу жана аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча буйрукка кол койду. Бул туурасында чет элдик басылмалар Ак үйгө көрсөтмө берүү аркылуу жазышты.

Маалымдалгандай, Трамп ошондой эле түштүк чек арасы аркылуу өлкөгө кирген мигранттардын башпаанек алуу шылтоосу менен ал жакта калуу укугун да чектеди.

АКШнын башчысы Улуттук коопсуздук департаментине, Юстиция министрлигине жана Мамлекеттик департаментке түштүктөн Америкага кирген мыйзамсыз иммигранттарды чыгаруу боюнча чара көрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттардын киришин токтотуп, аларды экстрадициялоо процессин баштоону убада кылган. 21-январда ал АКШнын түштүк чек арасындагы кризиске байланыштуу жалпы улуттук өзгөчө кырдаалды жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан