АКШнын Калифорния штатында жайгашкан Лос-Анжелестеги токой өртү жаңы аймактарга тарап жатканына байланыштуу дагы 50 миңге жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда Лос-Анжелестин түндүк тарабындагы Лейк-Хьюз жолунда, Кастаик көлүнүн жээгинде башталган тилсиз жоо алты сааттын ичинде болжол менен 39 чарчы метр аянтты жалмап кеткен.
Буга байланыштуу бийлик аталган аймактарга өзгөчө кырдаал режимин киргизди.
Белгилей кетсек, 7-январда Лос-Анжелесте токой өрттөрү башталган. Акыркы маалыматтар боюнча, өрттүн жалпы аянты 16 миң гектардан ашып, 25 адам каза болгон. Ал эми өрттүн болжолдуу чыгашасы учурда 250 миллиард доллар деп эсептелүүдө.