Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев өлкөдө TikTok социалдык тармагынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады.
Ал өлкөдө социалдык тиркеме бөгөттөлгөнү менен, жарандар эркин эле колдонуп жатышканын айтты.
"TikTok тиркемесин VPN аркылуу кичинекей баладан баштап чоңдорго чейин эркин эле колдонуп жатат. Мурда балдар ал жактан эмнеге кирип жатканын текшерип турсак, азыр текшере албайбыз, анткени VPNди өчүрүп коёт. Ошондуктан алар менен сүйлөшүп өкүлчүлүгүн ачышыбыз берек. Анткени азыр TikTok тиркемесинин Орто Азиядагы директору кыргыз бала болуптур. Азыр биз жапканыбыз менен, де-факто иштеп жатат. Кыргыз бала бул жакка келиптир, "силерге өкүлчүлүк ачып берейин, органдар менен чогуу иштейин, органдардан кандай билдирүү түшсө ошол замат жаап турам" дейт", - деди Маматалиев.
Эл өкүлү социалдык тиркеменин өлкөдө өкүлчүлүгү ачылса, тескерисинче, тиркемеге көрүүгө болбой турган нерселер чыкса жабуу оңой болорун белгиледи.
Маматалиевдин сунушун кесиптеши, депутат Дастан Бекешев дагы колдоого алып, өкмөттү жапкан чечимин кайра карап көрүүгө чакырды.