Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, эртең, 24-январда Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда жан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15 ... -20, күндүз -4 ... -9 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -14 ... -19, күндүз -1 ... -6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6 ... -11, күндүз -3 ... +2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -11 ... -16, күндүз -3 ... -8;
Нарын жергесинде түнкүсүн -20 ... -25, күндүз -7 ... -12;
Бишкек шаарында түнкүсүн -17 ... -19, күндүз -4 ... -6 градус болот.