Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңеште баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Аталган жыйында депутат Таалайбек Масабиров Кыргызстанда Телеграм каналдарга чектөө киргизүү керектигин сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, өспүрүмдөр баңгизаттарды көпчүлүк учурда Телеграм каналдар аркылуу сатып алышат.
"Көп учурда жаш балдар баңгизаттарды Телеграм каналдар аркылуу сатып алып жатышат. Санариптештирүү министрлиги Телеграм каналдарга ТикТок сыяктуу эле чектөөлөрдү киргизип койсо болот. Жаш балдарга ыңгайлуу болгондуктан электрондук капчык аркылуу төлөп эле сатып алышууда. Көйгөйдүн баары ошол жакта болуп жатат. Эң биринчи ошол жактан баштоо керек. Телеграмды жаш балдардын баары эле колдонуп жатышпайбы", - дейт депутат Масабиров.