Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин Кыргызстанга чакыруусун кубаныч менен пайдалана турганын билдирди. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
ТИМдин маалыматына ылайык, Кулубаев 22-январда Лавровдун чакыруусу боюнча расмий сапар менен Орусияга барган. Анда алар эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын кеңири талкуулаган.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.
"Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге биргелешкен жемиштүү иши жана Бишкекке же Кыргызстандын башка жерлерине келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Мен бул чакырууну кубаныч менен пайдаланам", - деген Лавров.