Биз социалдык тармакта

Жаңы унааны эски кылып көрсөткөн. УКМК Оштогу бажычыны кармады

Ош мамлекеттик бажы кызматында бажы төлөмдөрүн азайткан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 5-июлда "Бими Ош Сервис" бажылык тариздөө жеринин Ж.Т. аттуу бажы кызматкери иш жүзүндө 2018-жылы чыгарылган Toyota Prado үлгүсүндөгү унааны 2005-жылкы кылып акты түзүп берген. Мындан улам бюджетке бажы төлөмү катары 438 миң 114 сом гана төлөнгөн. Бирок унаанын ээси бажы төлөмү катары 1 миллион 497 миң 576 сом төлөшү керек болгон. Демек, мамлекетке 1 миллион 59 миң 462,13 сом зыян келтирилген.

Атайын кызмат бажычыга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып тагылып, сот тарабынан камакка алынганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан