"Моана-2" мультфильми 8 жуманын ичинде дүйнөлүк прокатта миллиард доллар чогулта алды 

Америкалык "Disney" компаниясы тарткан "Моана-2" мультфильми 8 аптанын ичинде дүйнөлүк прокатта миллиард доллар чогултканга жетишти. Аталган мультфильм өткөн жылдын 28-ноябрында элге тартууланып, эң алгачкы майрам күндөрү эле 225 миллион доллар киреше таба алган.

Мультфильм прокатка коюлгандан кийин Америкадан 445 миллион доллар, ал эми башка өлкөлөрдөн 567 миллион доллар акча каражатын топтогон.

"Моана-2" мультфильми "Disney" компаниясынын бир жыл аралыгында 1 миллиард долларлык киреше тапкан үчүнчү тасмасы. Учурда бир дагы тасма аз убакыттын ичинде 1 миллиард доллар киреше тапканга жетише элек.

Моана "Disney" студиясынын экзотикалык, музыкалык жана эң көп киреше алып келген тасмалардын бири. Тасма өзүнүн укмуштуу сюжети жана түркүн түстүү окуялары менен көрүүчүлөрдү өзүнө топтой алды.

Моана атасынын каршы болгонуна карабай океанды багындырууну кыялданган Матангуй аралынын жаш ханбийкеси. Ал көптөгөн кыйынчылыктардан өтөт жана элин жакындап келе жаткан кыяматтан сактап калуу үчүн кооптуу сапарга чыгат. Окуя андан ары уланып, баатыр Мауи менен бирге кыйынчылыктарды жеңип, лидерлик сапаттарын ача алат. Ошентип Моана менен Мауинин окуялары, кызыктуу күндөрү чагылдырылат. Экинчи бөлүгүндө Моана менен Мауинин окуялары уланат.

"Моана" мультфильми тууралуу фактылар

Алгач мультфильмди тартууну пландалганда башкы каарман катары тасмадагы баатыр Мауини көрүшкөн. Ал эми Моана ага жардам берген каарман болмок. Бирок кийин башкы каарман катары Моананы тандашкан.

Моана деген ысым Жаңы Зеландияда жана Гавайиде колдонулат. Экөөндө тең бирдей эле океан деген маанини берет. Аталган ысымды кыздарга дагы, эркектерге да ыйгарууга болот.

Тасманынын бардык окуялары ойдон чыгарылган эмес, ошол себептүү аны жаратуу үчүн тарыхчылар, тилчилер иш алып барышкан. Тасмада көбүүрөк полинезиялыктардын маданияты чагылдырылган. Мисалы, Моананын кийген костюму Полинезия айымдарынын кийимине окшош. Андагы кызыл элементтер лидердин кызы экенин көрсөтүп турат.

Моананын ролу үчүн кастингдер ​​өтө узакка созулган, ага 14 жаштан 30 жашка чейинки кыздар жана аялдар катышкан. Бул ролго тандалган Аули Кравальо кастингдин эң акыркы күнү тандалган. Бирок эң кызыгы Моананын сырткы көрүнүшү кастингге чейин түзүлгөн. Аулинин Моанага окшош болушу бир чети баарын таң калтырса, бир чети баарын кубанткан.

Мауинин ролуна кастинг болгон эмес. Жаратуучулар бул каарманга атактуу актёр Дуэйн Жонсонду гана ылайык көрүшкөн. Ошондуктан Мауинин кээ бир кыймыл-аракеттери, мисалы, кашын кыймылдатканы Жонсондон көчүрүлгөн.

Моана мультфильминен көрүүчүлөр дыкат көңүл буруп караса, "Disney" студиясы тарткан башка тасмалардагы каармандарды дагы көрө алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан