Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Сахалин облусунда кармалган 22 жаштагы кыргыз жараны А.Н. тууралуу маалымат берди.
Министрлик тактагандай, ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 264-пункту менен козголгон кылмыш ишинин (автомобиль, трамвай же башка механикалык транспорт каражатын башкарган адамдын, жол кыймылынын же транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адамдын ден соолугуна оор залал келтирүү) алкагында кармалган.
Орусиядагы элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсеси Орусиянын укук коргоо органдарына керектүү маалымкаттарды берди. Ага удаа кармалган жарандын жакындары менен жолугушуу болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн.
Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө экени айтылды.