Орусияда жумуш учурунда каза болгон кыргызстандыкка кенемте өндүрүлүп берилди

Орусияда жумуш учурунда бийиктиктен кулап каза болгон 24 жаштагы кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө 2 миллион рубль өлчөмүндө кенемте өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Маалымдагандай, тиешелүү ишти министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгү ишке ашырган. Ошондой эле каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдө зарыл болгон документтерди даярдоодо жардам көрсөтүлгөн.

Маалыматта маркум "Альянс Курулуш" компаниясында иштеп келгени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан