"АКШнын теги словениялык биринчи айымы". Дональд Трамптын жубайы Мелания тууралуу кызыктуу фактылар

АКШнын президенти болуп кайра шайланган Дональд Трамп үй-бүлөсү менен Ак үйгө кайтып келди. Анын жубайы Мелания Трамп эми дагы төрт жыл бою биринчи айым болот. Американын жаңы башчысы Трамптын жубайы тууралуу эмнелер белгилүү, SUPER.KG порталы аны тизмектеди.

- Мелания Трамптын өз фамилиясы Кнавс. 1970-жылы Словениянын Ново-Место шаарында төрөлгөн. Мелания Люблянанын жанындагы Севница шаарында чоңойгон.

- Өз эне тили словенден тышкары дагы 5 тилде эркин сүйлөйт: англис, немис, француз, итальян жана серб-хорват.

- Мелания Трамп моделдик карьерасын 17 жашында баштаган. Анын жылаңач денесин дүйнө жүзү көргөн. Анткени ал 1996-жылы “Max” аттуу француз басылмасы үчүн ачык фотосессияга тартылган.

Дональд Трамп менен Меланиянын таанышкан күнү

- Ал эми Мелания АКШнын 45чи жана 47-президенти менен 1998-жылы Нью-Йорктогу мода жумалыгына арналып "Kit Kat" клубунда уюштурулган кечеде таанышкан. Анда Дональд 52де, ал эми Мелания 28 жашта болгон. Быйыл АКШнын биринчи айымы 55 жашка чыгат.

Жубайлар уулу Бэррон менен

- Трамп 2004-жылы Меланияга турмушка чыгууну сунуштап, бир жылдан кийин баш кошушкан. Жубайлардын Бэррон аттуу 2006-жылы туулган уулу бар. Дональд Трамп биринчи жолу Америка Кошмо Штаттарынын президенти болгондо Бэррон болгону 10 жашта болчу. Азыр ал 18 жашта.

- Мелания 2006-жылы гана АКШнын жарандыгын алган.

Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө

- Мелания АКШнын тарыхында теги чет элдик болгон биринчи айымдардын экинчиси болуп калды. Алгачкысы Луиза Адамс болгон. Ал XIX кылымда алтынчы мамлекет башчысы болуп шайланган Жон Куинси Адамстын жубайы. Бирок Луиза жарым америкалык болчу.

- 2016-жылы Дональд Трамп жеңишке жеткенден кийин Севницадагы жергиликтүү ишканалар биринчи айымдын урматына азыктарды – торт, шарап, жадакалса кийимдерди да чыгара башташкан.

- Мелания бизнести жакшы билет. Ал өзүнүн зергер сааттарын, ошондой эле косметика линиясын ишке киргизген.

- Биринчи айымдын балдарды сергек жашоо образын калыптандырууга, социалдык тармактарды туура колдонууга үгүттөгөн атайын “Мыкты бол” долбоору бар.

Сынга кабылган иш сапарларынан

- Мода индустриясында иштегени менен, Мелания Трамптын стили көп сынга кабылып келет. Кенияга болгон иш сапарында анын шляпасы жергиликтүү элге жакпай, сөзгө калган. Анткени мындай баш кийимди мурда кара терилүү адамдарды кул кылып иштеткендер кийгендигин айтышкан. Ошондой эле Техастагы мигранттардын балдары менен жолукканда “Мага баары бир. Сагачы?” (“I really don’t care. Do U?”) деген жазуусу бар куртка кийип барган.

Меланиянын 20-январдагы инаугурациядагы өзгөчө образы

- 20-январда АКШнын 47-президенти Дональд Трамптын инаугурациясы өттү. Анын жубайы, 54 жаштагы модель Мелания Трамп аземге өзгөчөлөнүп барды. Ал “Adam Lipps” брендинен кара классикалык пальто менен Eric Javits'ке таандык болгон шляпаны кийген. Анда Мелания көзүн жаап алгандай болуп, америкалыктарды түрдүү ойго салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан