Юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин жана алардын аныктамаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга
жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин жана алардын аныктамаларынын тизмеги
Абу Ханифа |
– ханафий мазхабынын негиздөөчүсү, ислам дин аалымы |
Авеста |
– зороастрийлердин ыйык китеби |
Адвентисттер |
– Иса пайгамбардын акыр заманда келүүсүн күткөн, Адвентизм диний кыймылын улантуучулар |
Ади Грантх |
– сикхизмдеги ыйык китеп |
Азраил |
– жан алуучу периште |
Арз мавуд |
– иудаизмде ыроолонгон жер |
Армагеддон |
– акыр заманда боло турган улуу согуш |
Ахит |
– христиан дининдеги Библиянын биринчи бөлүгү |
Ахриман |
– зороастризмдеги жаман рухтар кудайы |
Ахура Мазда |
– зороастризмдеги жогорку кудай |
Ашура |
– исламдагы Мухаррам айынын онунчу күнү |
Биат |
– убадага бекем болуу, кол алышуу менен бекемделет |
Библия |
– христиан дининдеги ыйык жазуу |
Брахман |
– индуизмдеги ааламдын жаратуучусу |
Будда |
– буддизмдин негиздөөчүсү |
Важиб |
– исламдагы милдеттүү аткарыла турган өкүмдөрдүн бири |
Валаят |
– ыйыктыктын руханий макамы |
Вафтиз |
– сууга чөмүлдүрүү аркылуу христиан динин кабыл алуу жөрөлгөсү |
Вакф |
– мусулман укугунда мамлекет же жеке адам тарабынан диний же кайрымдуулук максатында берилген мүлк |
Гатха |
– Заратуштра тарабынан жазылган китеп |
Гинза |
– сабейлердин ыйык китеби |
Гуру |
– сикхизмдеги руханий лидерлер |
Дахма |
– зороастризмдеги өлүктү таштай турган жер |
Дианетика |
– саентологияда жан менен дененин аң-сезим аркылуу өз ара аракеттенүүсү жөнүндө китеп |
Диофизит |
– Исанын инсандык жана кудайлык кош табиятына ишенүү |
Евхаристия |
– христиан динине тиешелүүлүктүн сырдуулугу |
Жебреил |
– пайгамбарларга аянды жеткирген периште |
Иоанн |
– Христостун апостолдорунун бири |
Жахаба |
– Жахаба күбөлөрүнүн кудайынын ысымы |
Жихад |
– исламда ишеним үчүн салгылашуу |
Забур |
– Дауд пайгамбарга түшүрүлгөн ыйык китеп |
Зухд |
– Аллах үчүн кечилдик жашоо кечирүү |
Икона (сыйынуу предмети) |
– христиан дининде кудайдын, ыйыктын же ыйыктардын боёк менен тартылган картина түрүндөгү ыйык сүрөтү |
Евангелие (Инжил) |
– Исага түшүрүлгөн ыйык китеп |
Инкарнация |
– христиан дининде рухтун, жандын материалдык денеге айлануусу |
Инфак |
– исламдагы кайрымдуулук кылуу |
Ирфан |
– мистикалык тажрыйба аркылуу руханий илим алуу |
Исрафил |
– кыямат күндө сурнай тартуучу периште |
Ихлас |
– Аллахка чын пейилден ибадат кылуу |
Ихсан |
– кудай көрүп жаткандай ибадат кылуу |
Йом Кипур |
– еврейлердин Күнөөдөн арылуу күнү |
Карма |
– чыгыш диндеринде жасаган жоруктар үчүн кайрым |
Католицизм |
– христиан дининдеги үч башкы багыттын бири |
Кипа |
– еврейлердин баш кийими |
Собор (Консил) |
– христиан диний ишмерлеринин чогулушу |
Кошер |
– иудаизмде уруксат берилген предметтер жана тамак-аш |
Крещение (Чокундуруу) |
– суу аркылуу христиан динин кабыл алуу жөрөлгөсү |
Кришна |
– индуизмдеги куткаруучу кудай |
Макрух |
– исламдагы кылынуусу жактырылбаган амалдар |
Мессия (Масих) |
– динге ишенгендердин куткаруучусу |
Матуриди (Абу Мансур аль-Матуриди) |
– матуридий мектебинин негиздөөчүсү |
Махр |
– никелешүү учурунда эркек аялына бере турган белек |
Махрам |
– исламда никелешүүгө уруксат берилбеген жакын тууган |
Микаил |
– табият кубулуштарын башкарган периште |
Миллениум |
– христиан дининде акыр заманга чейинки миң жылдык бактылуу жашоо |
Миссионер |
– динди жайылтуучу адам |
Монах |
– диний коомдун кечилдик жашоо кечирүүгө убада берген мүчөсү |
Мубарак |
– берекелүү, куттуу |
Мунзавий |
– обочо жашаган адам |
Мунит |
– Муна сектасынын мүчөсү |
Муслим |
– ислам динин тутунган адам |
Мута |
– шииттерде убактылуу никелешүү |
Мухажир |
– Меккеден Мединага ислам үчүн көчүп баргандар |
Мухтади |
– туура жолду тапкан адам |
Нанак (Гуру Нанак) |
– сикхизм дининин негиздөөчүсү |
Нафил (Напил) |
– исламдагы ыктыярдуу амалдар |
Нирвана |
– чыгыш диндеринде жогорку абал |
Опус Деи |
– католик диний кыймылы |
Ортодокс |
– христиан дининин ири багыттарынын бири |
Павел (Пабыл) |
– Христостун апостолдорунун бири |
Пасха |
– Христостун кайрадан тирилүүсүн эскерүү майрамы |
Патриарх (Патрик) |
– чиркөөнүн диний лидери |
Поп |
– христиан дин ишмери |
Протестантизм |
– XVI кылымда келип чыккан христиан багыты |
Рейки |
– руханий энергияга байланышкан диний агым |
Рош ха-Шана |
– еврейлердин Жаңы жылы |
Сабий |
– Гинза китебине таянган динди улантуучулар |
Саентология |
– Рон Хаббард негиздеген диний окуу |
Сажда |
– исламда ибадат кылуу учурунда чекени жерге тийгизүү |
Сакофат |
– араб тилинен которгондо маданият дегенди түшүндүргөн термин |
Сакрамент |
– христиан дининдеги негизги жөрөлгөлөр |
Самсара |
– чыгыш диндеринде кайра жаралуу цикли |
Саошьянт |
– зороастризмде кыяматка жакын келе турчу куткаруучу |
Сатья Саи Баба |
– Саи Баба диний кыймылынын негиздөөчүсү |
Силсила |
– рухий билимди улантуучу мураскорлук |
Синагога |
– иудейлердин сыйынуу жайы |
Саввов (Сооп) |
– кудай тарабынан жакшы иштер үчүн ыйгарылуучу сыйлыктар |
Суккот |
– иудейлердин шалаш майрамы |
Тавассуль |
– кудайга ортомчу аркылуу кайрылуу |
Тагут |
– жалган кудайлар жана сыйынуу объекттери |
Тазкия |
– жан дүйнөнү кемчиликтерден арылтуу |
Таяммум |
– суу жок болгон учурда топурак менен даарат алуу |
Такыйя |
– өзүн сактап калуу үчүн ишенимди жашыруу |
Талит |
– иудаизмде сыйынуу учурунда жамынган кийим |
Талмуд |
– иудаизмдин диний мыйзамдарын жөнгө салуучу ыйык текст |
Танасух |
– өлгөндөн кийин жандын башка денеге өтүүсү |
Танах |
– иудаизмдеги ыйык жазуу |
Дао (Тао) |
– Ааламдагы нерселердин табигый тартиби |
Үчилтик (Таслис) |
– Үчилтик кудай: Ата, Уул жана Ыйык рух жөнүндө окуу |
Таухид |
– жалгыз Кудайга болгон ишеним |
Тафаккур |
– ой жүгүртүү, талдоо жана талкуу |
Тафсир |
– Куранды чечмелөөгө багытталган илим |
Тфилин |
– сыйынууда колдонулуучу, Тоораттан алынган тексттер жазылган кичинекей кутучалар, сыйынуу учурундагы кийимдин элементи болуп саналат |
Тора (Тоорат) |
– Муса пайгамбарга берилген ыйык жазуу |
Тотем |
– ыйык маани ыйгарылган объекттер же заттар |
Трипитака |
– буддизмдин үч бөлүктөн турган ыйык жазуу |
Увей Упанайана |
– даосизмде кечилдик жашоо кечирүү – индуизмге кабыл алуу жөрөлгөсү |
Апостолдор (Хаварий) |
– Иса пайгамбардын алгачкы шакирттери |
Хаж |
– Зуль-хижа айында Меккеге зыярат кылуу |
Хадис |
– Мухаммед пайгамбардын насааттары |
Халиф |
– ислам коомчулугун башкарууда пайгамбардын мураскору |
Халифат |
– исламдык мамлекет |
Хахам |
– иудаизмдеги диний лидер |
Химар |
– исламда аялдар үчүн башына салынуучу жоолук |
Христос |
– христиан дининдеги куткаруучу |
Церковь (Чиркөө) |
– христиандардын сыйынуучу жайы |