Касымалиев Ош облусундагы бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 23-январда Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун баасы 260 миллион долларды түзөт. Завод ишке кирсе 2 миң адам иш менен камсыз болот. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгарат.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкандан кийин, тиешелүү мамлекеттик органдарга инвестициялык долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Ош шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Курулуш иштери аяктагандан кийин бул батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча берилет. Жалпы 542 батирлүү бул турак жай комплекси 8 блоктон турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан