Бишкекте түндө ири өрт кырсыгы катталып, үйдүн 220 метрин жалмап кетти

Кечээ, 23-январда Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда турак үйдөн чыккан өрт 24-январга караган түнү саат 01:28де толук өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, өрттүн жалпы аянты болжол менен 220 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.
"Өрттү өчүрүүгө саат 22:16дан баштап 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жеринде өрт өчүрүү иш-аракеттерин жүргүзүштү. Саат 23:14тө чектөөгө алынып, 01:28де толук өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан