Бишкек шаарында бейтааныш адамды бычактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Свердлов ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-декабрда милицияга жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 11:00 чамасында ири базарлардын биринде бейтааныш киши бычак мене ичке сайып, качып кеткенин айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.