Ош шаарына мэр болуп барган Жеңишбек Токторбаев алгачкы иш күнүн Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынан баштады. Аталган ишкананын жетекчиси Абай-Нур Большевиков калаа башчысына толук кандуу түшүндүрүп, ар бир техниканы көрсөтүп чыкты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэр шаарды көрктөндүрүү иштерине дыкат көңүл бурулуп, бул максатта ишканага жаңы атайын техникаларды алуу керектигин белгилеп, жабдыктарды көбөйтүү маселесине токтолду. Ошондой эле комбинаттын жумушчуларынын эмгек акысы да караларын билдирди.
Белгиленгендей, учурда комбинатта 355 кызматкер иштейт. Мындан тышкары 31 бирдик атайын техника бар, анын 80 пайызы эскирип калган.