Трамп Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербей турганын билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербесин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, америкалык лидер Тегеран өзөктүк курал өндүрө берсе, анын башка өлкөлөргө да тарап кетүү коркунучу бар, бул өз кезегинде "катастрофага" алып келүүсү ыктымалдыгын белгилеген.

"Мен алардын улуу өлкө болушун каалайм. Алардын эбегейсиз потенциалы бар. Иран тууралуу мен бир гана нерсени айтам, алар өзөктүк куралга ээ боло албайт", - деген ал Fox News телеканалына берген маегинде.

Ошол эле маалда Трамп Тегерандын өзөктүк объектилерин жок кылуу мүмкүнчүлүгү боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан