"Эртең мененкиге чейин иштейбиз!" Ошко жаңы мэр барып, тийиштүү жетекчилер түнү менен кар күрөштү (видео)

Ош шаарынын жолдорун кардан тазалоо иштерин калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев өзү текшерип, карап чыкты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мэр шаар тургундары тарабынан коммуналдык кызматтардын ишине нааразычылык болбошу керектигин белгиледи. Ошондой эле жолдорго туз, кум себүү иштерин сапаттуу жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин айтып, ал боюнча тапшырмаларды берди.
Белгиленгендей, Ош шаарындагы жолдорду кардан тазалоо иштерин "Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты", "Ош-Тазалык", "Ошасфальтсервис" муниципалдык ишканалары жана ДЭП-21 ишканасы жүргүзөт.
24.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан