АКШнын президенти Дональд Трамп мунайдын жана газдын чоң запастары Америка өлкөсүн кайрадан бай кыларына ишенет.
"Бизде башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк мунай жана газ бар. Бул чоң байлык. Аткени Кытайда мындай ресурс жок. Биз кайрадан бай өлкө болобуз. Мындай ресурс бизди бул жолго жетелейт", - деген ал Fox News телеканалына берген маегинде.
Ошондой эле Трамп Аляска штатында Сауд Арабияга караганда көбүрөөк энергоресурс запасы бар экенин белгилеген.